Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Дүйнө лидерлери Бостондогу жардырууларды айыпташууда


АКШнын Массачусетс штатындагы кечээги жардырууда кеминде үч адам набыт болгон, 130дай киши жаракат алды
АКШнын Массачусетс штатындагы кечээги жардырууда кеминде үч адам набыт болгон, 130дай киши жаракат алды
Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун “карасанатай кош жардыруунун дүйнө элдерин бириктиргени менен атагы чыккан окуяда болгону өзгөчө капалантат” деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин аны “жапайы кылмыш” деп атады жана мамлекет жардам бергенге даяр экенин билдирди.

Ооган президенти Хамид Карзай анын өлкөсү да “улам күчөгөн ушул өңдүү инциденттерден жабыркап жатканын” айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги чабуулду кескин айыптап, жардырууларда жакындарын жоготкондорго көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG