Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы белгиленет


Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде каралып, кабыл алынды. Ага ылайык, Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралар планын бекитүү парламенттин кароосуна сунушталмакчы.

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. "Кайран эл" саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин автору. Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG