Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Ооганстанда козголоңчулардын жолбашчыларынын бири камалды


Газни провинциясында “Лашкар-е-Тайба” козголоңчу тобунун командири чет өлкөлүк коалициялык күчтөр жана ооган аскерлеринин биргелешкен операциясында камалган. Окуя кечээ болгонун НАТО бүгүнкү билдирүүсүндө кабарлады. Аты аталбаган ал жолбашчы Кунар, Кандагар жана Газни провинцияларында чет өлкөлүк жана ооган аскерлерине каршы бир топ чабуулдардын башында турган дешет. Түндүк Атлантикалык альянстын билдирүүсүндө айтылгандай, камалган командир чет өлкөлөрдөгү башка козголоңчулар менен да байланышта болгон жана соңку кездери бир топ ири чабуулдарды пландап жүргөн. Негизги очогу Пакистанда деп саналган “Лашкар-е-Тайбанын” ишине ал өлкөдө тыюу салынган. 2008-жылы 166 адамдын өлүмүнө алып келген Мумбай чабуулу үчүн да дал ушул топ айыпталып жүрөт.

XS
SM
MD
LG