Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Чубак ажы Жалиловдун адвокаты сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү


Ушул тапта Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун ишин карап жатат. Бул тууралуу Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев кабарлады. Анын айтымында, соттук жараянга төрагалык кылып жаткан судья Нурбек Эсеналиев мамлекеттик айыптоочу тарапка бир тараптуу жан тартканына байланыштуу, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Учурда сот бул өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Чубак ажы Жалиловго карата кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы октябрь айында козгогон. УКМК Жалиловду муфтий болуп турганда ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон деп айыптоодо.

Ушундай эле айып азыркы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевге да тагылган. Жалилов менен Эгембердиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келишет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG