Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Президент Батукаевдин абактан эрте бошотулушун иликтөөнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев күч органдарына “кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы” атыккан Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкө башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов кабарлады. Анын айтымында, президент дүйшөмбү күнү кечинде вице-премьер-министр Шамил Атахановду, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди жана Батукаевдин бошотулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шерди кабыл алып, Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча маалыматты укту. Анда Алмазбек Атамбаев бул окуя коомчулукта бир катар суроолорду пайда кылганын белгилеп, бул суроолорго так жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүүнү тапшырды.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди өткөн жумада "айыкпас илдетке кабылды" деген жүйө менен Нарын шаардык соту абактан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Батукаев ошол эле күнү Чеченстанга чыгып кеткени белгилүү болгон. Батукаевдин бошотулушу боюнча маселе бейшембиде парламентте каралып, анын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG