Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Ирандагы жер титирөөдө кеминде 40 адам набыт болду


Ирандагы жер титирөө
Ирандагы жер титирөө
Маалыматты азыр Тегерандагы мамлекеттик телеканал таркатты. Бирок курмандыктардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн деп жатышат.

“Бүгүн Ирандын Пакистан менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду”, - деп кабарлаган болчу АКШнын Геологиялык борбору. Ирандын Сейсмологиялык борбору зилзаланын күчү 7,5 балл болду деген.

Зилзаланын очогу Каш деген шаардан 86 чакырым алыста катталган. Бул жер титирөөнүн күчү Дубаиден тарта Нью-Делиге чейин сезилди.

Жер титирөө катталган Систан жана Балучистан провинциясынын атын атабаган тургуну бүгүн “Азаттыктын” иран кызматына сүйлөп: "Эл азыр коркуп калды. Силкинүү аябай күчтүү болду, ошон үчүн адамдар дале үйлөрүнө кириштен коркуп, сыртта жүрүшөт", - деди.

Аталган провинциянын губернатору Хатам Наруй зилзала 15-20 секундага созулганын айтты.

XS
SM
MD
LG