Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:40

Иракта шайлоого аз калганда кандуу чабуулдар күчөдү


Чабуулдар Иракта шайлоого саналуу күндөр калганда болуп жатат
Чабуулдар Иракта шайлоого саналуу күндөр калганда болуп жатат
Багдаддагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, бүгүн Ирактагы чабуулдарда кеминде жети адам өлгөн, 20дан ашууну жаракат алды. Кечээ болсо өлкө боюнча катталган түрдүү чабуулдарда кеминде 50 адам мерт болду эле, 300дөй киши жаракат алган.

Мунун баары 20-апрелге белгиленген жергиликтүү башкаруу кеңештерине шайлоонун алдынан болуп жатат. Ошол шайлоого камынып жаткан талапкерлерден азырынча 14 киши көз жумду.

Кооптуу абалды эске алып, бийликтер сунни мусулмандары жыш отурукташкан эки провинцияда шайлоону кийинчерээк өткөрө турган болушту.

XS
SM
MD
LG