Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Мектептерде жаңжалдарды болтурбоо жолдору талкууланат


Бүгүн Бишкекте Коомдук саясат институтунда “Мектептердеги жаңжалдар жана аларды чечүү жолдору” аттуу талкуу өтөт.

Буга чейин “Балдар укугун коргоочулар лигасы" коомдук уюму Кыргызстанда соңку учурда мектеп окуучулары арасындагы чыр-чатактар көбөйүп баратканын билдирген. Айрыкча акыркы убакта жаштар этностор аралык араздашууларга аралашып жатканы айтылган. Адистердин пикиринде, мектеп курагындагы өспүрүмдөр арасында күч колдонуу, бири-бирине орой мамиле жасоо кадыресе көрүнүшкө айланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG