Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

18-апрелге карата аба ырайы


18-апрелде Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектерине жана тоолордо кар жаайт. Түндүк-батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде -2ге чейин үшүк жүрөт, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абад облустарында 2...7, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде -2ге чейин үшүк жүрөт, күндүз 5...10,
Нарында түнкүсүн 0...-2, күндүз 6...11,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6,
Тоолордо түнкүсүн -12...-17, ал эми күндүз 0...-5 болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 9...11 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG