Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Британияда Маргарет Тэтчерди акыркы сапарга узатышууда


Тэтчердин сөөгү салынган табытты Лондондун көчөлөрүнөн алып өтүшүүдө. 17-апрель, 2013-жыл.
Тэтчердин сөөгү салынган табытты Лондондун көчөлөрүнөн алып өтүшүүдө. 17-апрель, 2013-жыл.
Британиянын 1979-90-жылдардагы премьер-министринин тажиясына өлкөнүн өзүнөн падыша Елизабет баштаган жогорку даражалуу өкүлдөр жана дүйнө мамлекеттеринен аттуу-баштуу адамдар жыйналды.

Тажияга келгендердин арасында АКШнын мурдагы мамлекеттик катчылары Генри Киссинжер, Жорж Шульц, Жеймс Байкер жана башкалар бар.

Тэтчер акыркы сапарга аскерий сый-урмат менен узатылууда, өлкөдө мамлекеттик желектер түшүрүлдү.

Кезинде “темир айым” атыккан Тэтчер Британиянын алгачкы аял премьер-министри. Ал өз учурунда Британиянын алсырап кеткен экономикасын кайра тикелеген. Бирок Тэтчердин эркин базарга ыктаган жана артыкчылык берген саясаты көптөгөн британиялыктардын каршылыгына да кабылган. (UE)
XS
SM
MD
LG