Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Сербия менен Косово сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын баштады


Косово премьер-министри Хашим Тачи Брюсселдеги сүйлөшүүлөр алдында. 17-апрель, 2013-жыл.
Косово премьер-министри Хашим Тачи Брюсселдеги сүйлөшүүлөр алдында. 17-апрель, 2013-жыл.
Брюсселде Евробиримдик ортомчулук кылган сүйлөшүүлөргө эки жактан тең премьер-министр баштаган делегациялар келди.

Анын мурда күтүлбөгөн жаңы айлампасы өтөрү тууралуу кечээ Евробиримдик Сербия менен Косовонун шаркете кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын баалаган баяндамасын жарыялоону кийинкиге калтыргандан кийин маалым болгон.

Еврошаркет Сербиядан ага кошулуудан мурда Косово менен мамилесин жакшыртууну талап кылууда.

Анткени Белград Косовонун 2008-жылы жарыяланган көз карандысыздыгын тааныбай келет.

Өткөн аптада эле Сербия Косоводогу серб азчылыгы менен албан көпчүлүгүнүн алакасын оңоону максат кылган жана Еврошаркет сунуштаган макулдашуу долбоорун четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG