Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Сурамжылоо: Респонденттердин 67% митинг-пикеттерге каршы


Атайын социологиялык сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 67 пайызы митинг-пикеттерге каршы. Бул тууралуу бүгүн "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынан кабарлашты. Телефон аркылуу сурамжылоо март айынын ортосунда жүргүзүлгөн. Ага республиканын бардык аймактарынан 18 жаштан жогору курактагы жарандар катышкан.

Ошол эле учурда шаардык респонденттердин 69 пайызы жана айылда жашагандардын 55 пайызы өлкөдөгү саясый-экономикалык абалга нааразы экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG