Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Обамага жөнөтүлгөн катта уулуу рицин заты болгон


Федералдык тергөө бюросу – ФБРдин билдиргенине караганда, президент Барак Обамага жөнөтүлгөн катта адамды ууландырууга жөндөмдүү рицин заты болгонун баштапкы иликтөө көргөздү. Кошумча иликтөө алдыдагы бир-эки сутканын ичинде жүргүзүлөт.

Шектүү заты бар кат Ак Үйдүн келген каттарды текшерип өткөрүүчү жайынан шейшемби күнү табылган. Мындан мурдараак ушул эле күнү уулуу рицин деген зат салынган кат Миссисипи штатынан шайланган сенатор Роджер Уикерге жөнөтүлгөн эле.

Уулуу зат салынган каттар дүйшөмбү күнү Бостон шаарындагы марафондогу жарылуудан үч адам өлүп, 170тен ашуун киши жаракат алгандан кийин табылып олтурат. Бирок ФБРдын билдиргенине караганда, ал каттар менен Бостондогу жардыруулардын байланышы жок.

Эки катка тең 8-апрелде Теннеси штатындагы Мемфис шаарындагы почтанын белгиси коюлган. (UE)

XS
SM
MD
LG