Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Бостон полициясы жардырууга шектүү адам камалды деген маалыматтарды төгүндөдү


Дүйшөмбүдөгү жардыруу үчүн шектелген адам камалды деген кабарды америкалык айрым маалымат каражаттары тараткан эле. Бирок Бостондун полициясы жардырууга байланыштуу камоо болбогонун билдирди.

Бирок укук коргоо органдары жардыруу үчүн шектүү адам видеотасманын негизинде аныкталды деген ишенимде турушат.

Көчөдө орнотнулган видео камералардын тасмасына бомба жарылган жерде рюкзак таштап кеткен адам тартылып калган.

Бостондо ушул дүйшөмбүдө марафон учурундагы кош жарылуудан үч адам өлүп, 170тен ашуун киши жаракат алган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG