Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Көлбаев айыптоолорду четке какты


Камчы Көлбаев өзүнө коюлган айыптоолордун баары негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн ал сотто айтты. Териштирүү жабыркагандарды суракка алуу менен башталды. Соттун кийинки отуруму 23-апрелде өтмөй болду.

Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири деп саналган Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталууда.

АКШ наркобарондордун кара тизмесине киргизген Көлбаев былтыр декабрдын башында Бириккен Араб Эмираттарынан келгенден кийин камакка алынган. Ошондон бери ал Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында жатат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG