Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Мушарраф абакка отурбоо үчүн күрөө төлөйт


Пакистандын мурдакы аскерий башкаруучусу Первез Мушарраф өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрылып, аны күрөөгө бошотууну сурайт. Бул жөнүндө 69 жаштагы отставкадагы генералдын жардамчысы Мухаммед Амжад билдирди. Бүгүн Пакистандын Жогорку Сотуна чакырылган Мушаррафты полиция камакка алмак болгондо, күзөтчүлөрү моюн сунбай, аны машинеге салып кеткенге үлгүрдү. Азыр Исламабаддын четиндеги мыкты күзөтүлгөн үйүндө отурат.

Мушарраф 2007-жылы Жогорку Соттун төрагасын жана башка сотторду мыйзамсыз кызматтан кетирген деп айыпталууда. Ошондой эле 2007-жылы мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттону жана 2006-жылы белуж козголоңчуларынын лидерин өлтүргөн деп күнөөлөнүүдө. Акыркы эки иш боюнча Пакистанга кайтаар алдында күрөө төлөп, абакка отурбоо жөнүндө кепилдик алган. Мушарраф төрт жыл мурда Пакистандан чыгып кетип, 11-майдагы жалпы элдик шайлоого катышуу үчүн кайра келген.

XS
SM
MD
LG