Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

"Азаттыктын" спорт кабарчысы эл аралык конгресске катышууда


"Азаттыктын" спорт баяндамачысы Кабыл Макеш спорт темасын чагылдырган журналисттердин эл аралык жыйынына катышууда. Жыйын бул күндөрү Сочи шаарында өтүп жатат.

Кабыл Макештин билдиргенине караганда, эл аралык конгресске дүйнөнүн 103 өлкөсүнөн делегаттар келген. Спорт журналистикасынын келечеги жана көйгөйлөрү талкууланууда. Интернетте, гезит, телерадиодо спортту чагылдыруунун заманбап ыкмалары тууралуу да сөз болуп жатат. Спорт журналистикасына кыз-келиндерди көбүрөөк тартуу тууралуу айтылды. Себеби бул багытта иштеген аял журналисттердин саны өтө аз. Мисалы, быйылкы конгресске келгендердин арасында 10-15и гана аялдар. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG