Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Түрк аба жолдору 117 даана “Аэробуска” заказ берди


Түркиянын улуттук аба жолдор компаниясы (Turkish Airlines) Европанын “Airbus” компаниясынан пассажирдик 117 учакты сатып алат. Мындай келишимге кечээ шамда Стамбулда кол коюлду. Тараптар келишимдин баасын ачыкка чыгарбады. Бирок, каталог боюнча авиалайнерлердин жалпы наркы 9,3 миллиард доллар болот. Демейде, чоң суммадагы келишимдер түзүлгөндө кардар товарды каталогдогу баадан арзан алат. Маалымдалганга ылайык, түркиялык компания 2020-жылга чейин орто аралыкка учуучу 82 даана А320 авиалайнерин жана 35 даана башка типтеги учактарды алат. Азыр Түрк аба жолдор компаниясында 215 учак бар. Алардын 107си – “Аэробустар”, калгандары АКШда чыкчу “Боинг” учактары. 2012-жылы Turkish Airlines 39 млн. жүргүнчү ташыган, быйыл 46 млн. жүргүнчү ташууну мерчем кылууда.

XS
SM
MD
LG