Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

Сербия-Косово сүйлөшүүсү эртең кайра уланат


Косово өкмөтүнүн кабарлашынча, Сербия менен сүйлөшүү жума күнү Брюсселде кайра уланат. Евробиримдиктин арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүдө Сербия жана Косовонун өз ара мамилени жакшыртууга макулдук берүүсү - эки жактын Европага интеграция болуусунун негизги шарты.

Эки өлкөнүн премьер-министрлеринин он төрт саатка созулган сүйлөшүүсү бүгүн Брюсселде майнапсыз бүткөн.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштондун айтымында, эки ортодо “жалчыбаган, маанисиз” түшүнбөстүк калууда.

Брюссел Сербиянын Евробиримдикке мүчө болуп өтүүсүн тездетүүнүн башкы шарты катары Косово менен мамилесин оңдоону талап кылууда. Косоводогу серб азчылыктары болсо Приштинанын албан өкмөтүнүн амирин таануудан баш тартууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG