Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Казарман - Жалал-Абад авиакаттамы ачылат


Тогуз-Торо районунун борбору Казарман менен авиакаттам кайра ачылат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Кечээ өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Казарманда болуп, эл менен жолуккан. Жергиликтүү тургундар мурдагы аба каттамын кайрадан калыбына келтирүүнү өтүнгөн.

Акимчиликтен "Азаттыкка" билдиришкендей, мурда Казарман - Жалал-Абад - Бишкек маршртуту иштеп турчу. Азыр бул аймакка учак дээрлик каттабайт.

Аэропорттун абалы жакшы экенин өкмөт башчы кечээ өзү көрүп келди. Азырынча каттам Казарман - Жалал-Абад - Казарман маршруту боюнча жүргүзүлүп турмай болду. Биринчи каттам 24-апрелге пландаштырылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG