Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Оппозициянын Кумтөр боюнча мыйзам долбоорун "Республика" колдоду


Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы кол коюлган келишимди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн колдоп чыкты. Аны “Эл үнү” оппозициялык кыймылы иштеп чыккан, бул үчүн 10 миң кишинин колун топтогон.

Өткөн аптада мыйзам долбоорун “Ата Журт” фракциясы колдогон болчу.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган.(ZB/RK)

XS
SM
MD
LG