Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Караколдо рун жазмасы түшүрүлгөн таш табылды


Каракол шаарында VII-IX кылымга таандык рун жазмасы бар таш табылды. Бул туралуу Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун ага окуутучусу, түрколог Акыл Исмаев билдирди. Таш Каракол шаарынын түштүк-чыгышында, лыжа базасына жакын жерден табылды. Ал шаардык тарых музейине өткөрүлүп берилди.

Ташты түрколог Акыл Исмаев жетектеген 5 адамдан турган топ тапкан.

“Манас кыргыз-түрк университетинин окумуштуулары менен байланыштык. Таштагы жазууну профессор Кубат Табалдиев, доцент Таалай Абдиев окуп, чечмелеп көрүштү ”- дейт Исмаев.

Ташка түшүрүлгөн жазма Хакасиядан табылган үңкүрдөгү жазууну кайталайт. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG