Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Бокоев: Парламент таркап кетиши керек


Жогорку Кеңеш таркап кетиши керек. Мындай пикирин бүгүн “Республика” фракциясынын жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирип чыкты.

Анын айтымында, акыркы кездери күч органдары жасаган иштерден кийин коалициялык көпчүлүк өзүн таратыш керек болчу. Ал Кыргызстан бийлик кризисине кептелгенин кошумчалады.

Бирок “Республика” фракциясынын башка депутаттары парламент эмес, өкмөт тараш керектигин айтышты.

Парламенттеги көпчүлүккө кирген Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, "азыркы кезде өлкө үчүн жаңы шайлообу же тынчыраак шартта экономиканы өнүктүрүүбү, кайсынысы керек экени маанилүү". (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG