Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

УКМК: Царнаевдерди Кыргызстан менен байланыштыруу орунсуз


Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети 19-апрелде Бостон шаарында болгон кош жардырууга шектелген 1986-жылы туулган Тамерлан Царнаев менен 1993-жылы туулган Джохар Царнаев Кыргызстанда жашаганын тастыктайт.

УКМКнын расмий маалыматы боюнча Царнаевдердин үй бүлөсү Токмок шаарынан 12 жыл мурун Тамерлан 15 жашында, ал эми Джохар 8 жашында Дагестанга көчүп кетип, андан ары АКШга жер которгон. Андыктан алардын “атын Кыргызстан менен байланыштыруу орунсуз” деп айтылат расмий билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү Бостон шаарында марафон маалындагы кош жардырууда 3 киши өлүп, 170тен ашуун адам жарадар болгон. Жардырууга шектүүлөрдүн бири бейшембиде Бостондо полициянын огунан алган жараатынан ооруканада жан берди.

XS
SM
MD
LG