Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Сирияга согушка кетти делгендер Ош аба майданынан өткөн


Мындай маалыматты Чек ара кызматынан бүгүн билдиришти. 14-апрелде Ош аба майданында экстремисттик топтон деп шектелген жаран кармалган. Чек ара кызматынан билдиришкендей, ал Стамбулга бараткан. Дагы беш жаран шектүү беш жаран ушул аба майданынан Стамбулга кеткен.

Кармалган бир жарандын андан берки дайыны белгисиз. Ал эми Сирияга согушка кетти делип жаткан кыргызстандык уландардын иши териштирилип жатат. Күч органдары азырынча алар табыла электигин билидирүүдө.

17-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кызылкыялык бир нече бала Сирияга кетип калганын, аларды издеген ата-энелери депутаттарга жардам сурап кайрылганын айткан. Бул окуя боюнча Стамбул прокуратурасы да тергөө жүргүзүп жатат. Дайынсыз болгон болжол менен 10-15 баланын 4-5и Стамбулда деген маалымат бар. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG