Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Ошто кайрымдуулук жумалыгы башталды


20-апрелден 27-апрелге чейин Ошто “Жашоону жакшы тарапка өзгөрт” деген ураан менен жаштардын кайрымдуулук жумалыгы өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Youth of Osh коомдук бирикмесинин координатору Асел Абдраимова билдирди. Абдраимованын айтымында, бир жума бою ыктыярчы жаштар шаар ичинде жакшылыкка үндөгөн флеш-мобдорду, спорттук мелдештерди өткөрүшөт. Андан сырткары дарактарды акташып, балдар жана карыялар үйлөрүнүн жашоочуларына белек беришет. Ошондой эле каалоочулар Youth of Osh уюмунун адистеринен түрдүү багытта акысыз кеңештерди ала алышат.

Иш чара Y-PEER жана Youth of Osh уюмдары биргеликте ишке ашырып жаткан Jasa.kg долбоорунун алкагында өтүүдө. Долбоордун ыктыярчылары бүгүн Оштогу түрдүү мекеме-ишканаларга “Балдарга жардам бериңиз” деген жазуусу бар кутуларды орнотуу менен башташты. Соңунда кутуга чогулган оюнчук, белек-бечкектер балдар үйүнө таратылат. (SE)

XS
SM
MD
LG