Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

"Улуттар биримдиги" партиясынын курултайы өттү


Бишкекте “Улуттар биримдиги” саясий партиясынын алдыдагы иштерин уюштуруу боюнча курултайы өттү. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, ага мурдагы губернаторлор жана башка мурдагы жетекчилер баш болуп, өлкө аймагынан катышуучулар келди. Уюштуруучу курултайда партиянын төрагасы, орун басарлары шайланып, жакынкы келечектеги программасы, пландары бекитилди. Партиянын төрагалыгына Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шайланды.

“Улуттар биримдиги” саясий партиясы 2010-жылы расмий катталган. 2012-жылдагы шайлоодо Ош шаардык кеңешинин 45 мандатынан 21ин аталган партия жеңип алган. Аны Мелис Мырзакматов негиздегени айтылып келүүдө. (KJ/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG