Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Кара-Сууда мектеп окуучулары үчүн жоолук тигишет


Оштун Кара-Суу районунда мектепке оромол оронуп барган кыздар үчүн атайын жоолук тигилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамила Жапашова билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тигүүчүлөргө окуучу кыздарга ылайыкталган ак жоолук үчүн буйрутмалар берилет. Анын каржылык жагы кантип чечилээри азырынча белгисиз.

Мектеп окуучуларынын жоолук оронуп, сабакка келиши түрдүү талаштарга себеп болууда. Бул маселе Оштун Араван, Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Жалал-Абаддын Сузак районунда аябай актуалдуу экени айтылат.

Кыргызстанда окуучу кыздардын жоолук салынып жүрүүсүнө тыюу салган, же уруксат берген мыйзам жок. Билим берүү министрлиги жоолукка уруксат берген токтомду өткөн жылдын январь айында кабыл алганы менен, айрым мектептердеги жоболорго ылайык, башын ороп келүүгө уруксат берилбейт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG