Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

"Сириянын достору" Түркияда чогулат


Сириялык оппозициянын башкы эл аралык колдоочулары Стамбулда Сириянын мамлекет башчысы Башар ал-Асадды кулатуу үчүн согушуп жаткан күчтөргө жардам берүүнүн жолдорун талкуулаганы жатышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жонн Керри Сириянын оппозициясына куралдан башка жабдыктар менен аскердик жардам көрсөтүүгө 130 миллион доллар бөлүнөөрүн жарыялаары кабарланган.

"Сириянын достору" уюмунун уюткусун түзгөн 11 мамлекеттин арасында АКШ, европалыктар жана араб өлкөлөрү бар. Алар Асадды бийликтен четтетүүнүн жол-жобосунда бир пикирге келе албай жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG