Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Иракта шайлоо салыштырмалуу тынч өттү


Иракта чет элдик аскерлер кеткенден кийинки алгачкы шайлоо болду. Ирактыктар 2011-жылдын этегинде америкалык аскерлер алынып кеткенден кийин биринчи жолу муниципалдык шайлоодо кооопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта добуш беришти.

Шайлоо бекетинде өкмөт башчысы Нури ал-Малики "Азаттыктын" Ирак кызматына бардык кыйынчылыкка карабастан, саясий, демократиялык өзгөрүүлөр токтобогондугун бышыктады:

– Бүгүн биз Ирак мамлекетинин пайдубалын дагы бекемдеп, салабаттуу кадам таштадык. Күчтүү, таасирлүү жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен биз борборсуздаштырылган мамлекеттин түп негизин курууну аягына чыгабыз.

Жергиликтүү кеңештердеги 400гө жакын мандат үчүн 8 миңден ашык талапкер ат салышууда. Иракта 14 миллионго чукул шайлоочу бар. Парламенттик шайлоо өлкөдө эмдиги жылы өтөт. Бул жолку добуш берүүгө болжолдонгондон азыраак киши келип, бирок шайлоо негизинен тынч өтүп жатканы кабарланууда. Добуш берүүнүн жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG