Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Өзбекстанда Каримовду сындаган жазуучу түрмөдөн чыкты


Өзбекстанда жазуучу Мамадали Махмудовдун 14 жылдан кийин бошотулганын аялы Гүлсара Махмудова "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде абактан чыккан Махмудов Ташкендеги үйүнө келди.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Борбор Азия боюнча адиси Стив Свердлоу "Азаттыктын" өзбек кызматына Дүйшөмбү калаасынан телефондон буларды билдирди:

– Адамдын өмүрүнөн 14 жылды уурдатканын, 14 жылды Өзбекстандагыдай түрмө шартында өткөрүүнү элестетүү кимге да болсо оңой эмес. Бирок Мамадали Махмудовдун түрмөдөгү ар бир күнү ашынган акыйкатсыздыктын мезгили болду.

Свердлоу өзбек бийликтери эми калган саясий айыпкерлерди да бошотуп, алар өз пикирин эркин айта алышаары белгисиз экендигин кошумчалады.

72 жаштагы жазуучу бир катар таанымал чыгармаларды жазган жана бир кезде президент Ислам Каримов менен так талашат делгендердин катарында аталып жүргөн. Ал 1999-жылы Каримовго кол салууну уюштурууга аралашкан деп эркинен ажыратылган болчу.
XS
SM
MD
LG