Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Черногориде шайлоого нааразылар көчөгө чыкты


Оппозициянын колдоочулары жумурияттын баш калаасы Подгорицада президенттик шайлоодо эреже одоно бузулду деп чыгышты. Черногориянын шайлоо комиссиясы бийликтеги президент Филип Вуяновичти жеңүүчү деп жарыялаган. 7-апрелдеги шайлоодин кийин анын атаандашы Миодраг Лекич добуш саноодо көз боёмочулук болгондугун айтып чыккан.

Уюштуруучулардын айтымында, Подгорицадагы кечээки демонстрацияга 10 миң киши келди, полиция мындан эки эсе аз санды айтты. Байкоочулар «парламенттик республикадагы президенттик шайлоо жалпы жонунан "ЕККУ талаптарына жооп берди" деп тапкан.

XS
SM
MD
LG