Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:38

Таласта Жерүй кенин иштетүүгө каршы митинг өтөт


Эртең Талас шаарынын борборунда бул аймактагы кендердин, өзгөчө Жерүй алтын кенинин ачылуусуна каршы митинг өтөөрүн “Азаттыкка” “Талас эл ынтымагы” уюмунун координатору Серен Шейшенов билдирди. Алар өкмөттөн Таластагы алтын бар 17 жерди казууга 50 жыл мораторий киргизүүнү талап кылышат:

- Каршы чыгып жатканыбыздын биринчи себеби - экологиялык маселе. Таза жерде жашоо - биздин конституциялык укугубуз. Экинчи себеби - Жерүй дагы Кумтөргө окшоп калбасын дейбиз. Чет жердиктердин бизди шылдыңдашын каалабайбыз. Бизде Жерүйдү Кытайга 400 миллион долларга берди деген маалымат бар.

5-апрелде 90 тоннадай алтыны, 13 тоннадай күмүшү бар Жерүй алтын кенин иштетүүчү компанияларга сынак жарыяланган. Анын баасы 300 миллион доллар деп бекитилди. (MbA/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG