Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Жохар Царнаев оор абалда ооруканага жаткырылды


Бостон марафонун бомбалаган деп шектелген Жохар Царнаев оор абалда ооруканага жаткырылды. Бостон ооруканасында катуу кайтарууда жаткан Царнаевдин абалы оор, бирок туруктуу экендиги кабарланууда. Полиция 19 жаштагы улуту чечен Царнаевди жума күнү кечинде Бостондун жанындагы шаарчада брезент жабылган кайыктан оор жарадар абалында алып чыкты.

Жохардын агасы Тамерлан Царнаев полиция менен атышта шаршемби күнү окко учкан. Президент Барак Обама Бостон бомбалоосу боюнча бир катар суроолорго жооп алына электигин, анын ичинде ата-энеси кыргызстандык ага-иниге башкалар да жардам бергендиги белгисиз бойдон кала берип жаткандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG