Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Кытай АКШдагы адам укуктарынын абалын сынга алды


Кошмо Штаттары адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы тууралуу отчетун жарыялагандан кийин Кытай АКШнын өзүндөгү адам укуктарынын абалын сынга алды. Кытай бул өлкөнү өз жарандарынын артынан тыңчылык кылат, аялдар менен улуттук азчылыктарды дискриминациялайт, куралдуу кылмыштарды көзөмөлгө ала албайт деп сындады. Кытайдын отчетунда АКШда сексуалдык, расалык жана диний олуттуу дискриминация бар экендиги, америкалык аскерлер Ооганстан, Пакистан, Йеменде башка элдердин адам укуктарын тепселеп келаткандыгы белгиленет.

Адам укуктарынын дүйнөдөгү акыбалы тууралуу АКШнын жылдык отчету жума күнү жарык көрүп, анда Кытайда, айрыкча Тибетте жана Шинжаңда укук коргоочулар менен карапайым элдин укуктары бузулуп жаткандыгы айтылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG