Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Лондон марафону кооптонуу шартында өттү


15-апрелдеги Бостон марафонундагы бомба чабуулдарынан кийин уюштурулган Лондон марафонунда коопсуздук чаралары күч алдырылды. Бийликтер марафондун 36 миңдей катышуучусун жана он миңдеген көрөрмандын коопсуздугун кепилдөө үчүн тартип коргоочулардын санын 40 пайызга көбөйтүп, марафон тилкесине киргендердин баштык, торболору текшерүүдөн өткөрүлдү. Катышуучулардын бир тобу Бостон курмандыктарын эскерип, колуна кара тасма байлап алышты. Уюштуруучулар 42 чакырымдан ашык аралыкты аягына чейин чуркап өткөн ар бир катышуучу үчүн Бостон курмандыктарына 3 фунт стерлингден акча бөлүүнү чечти.

XS
SM
MD
LG