Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Дүйнөлүк каржы өкүлдөрү жупуну божомол жасашты


Вашингтондо өткөн жыйында дүйнөлүк финансы лидерлери глобалдык экономиканын жакынкы келечегине жупуну баа беришти. Алар кризистен ар түрдүү аймактар ар кандай ылдамдыкта оңолоорун жана жумуш орундарынын түзүлүшү суроо-талапка жооп бере албай тургандыгын айтышты. Эл аралык валюта коруна кирген 188 өлкөнүн атынан иш алып барган комитет ишембидеги билдирүүсүндө өсүштү ылдамдатыш үчүн чечкиндүү аракеттер зарыл деп ырасташты.

Кошмо Штаттары Европада салыштырмалуу солгун сарамжал саясатына кошумча экономикага дагы стимул берүүчү чара көрүлүшүн каалар эле. Апта башында Валюта кору үстүбүздөгү жылдагы өсүш күтүлгөндөн 0.2 пайыз төмөн болуп, 3.3 пайызды түзөт деген эле. Өсүш негизинен өнүгүп келе жаткан аймактардын эсебинен болушу күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG