Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Кыргызстанда дизел майынын баасы көтөрүлдү


Кыргызстанда өткөн ишембиден тарта дизел майынын баасы 50 тыйынга көтөрүлдү. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга Орусиянын өзүндө жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болду. Жалпысынан Орусиянын мунай заводдору дизелдин баасын 2 сом 30 тыйынга жогорулаткан. Кыргызстанда мурда ташылып келген майдын кору болгондуктан, дизелдин баасы азырынча 50 тыйынга, эки жумадан кийин дагы 50 тыйынга кымбаттайт. Нефтетрейдерлер ассоциациясы баа 1 сом 50 тыйындан ашык көтөрүлбөйт деп билдирүүдө. Атайын мунай базаларынан ири көлөмдө май алам деген фермерлерге дизел майы мурдагы баада сатылмакчы.

Азыр дизел майы 40 сом 10 тыйындан сатылууда. Бензиндин баасында өзгөрүү болгон жок. Учурда Кыргызстанда дизел майынын 18 миң тонна, бензиндин 70 миң тоннадай кору бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG