Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Царнаевдердин атасы уулдарын коргоп чыкты


Бостондогу кош жардырууларга шектелген Жохар жана Тамерлан Царнаевдердин атасы уулдары атайын уюштурулган пландын курмандыгы болгонун айтты. Анзор Царнаев эки баласына коюлган айыптар негизсиз экенин “Азаттыкка” жана “Ассошиэйтед-пресс” агенттигине билдирди. Ал үч кишинин өмүрүн алып, 180дей адамды жарадар кылган Бостондогу окуяга уулдарынын кандай байланышы бар экенин тастыктоочу далил жоктугун, бул боюнча АКШ бийлигинен жооп издерин белгиледи. Адвокат кесибин аркалаган Анзор Царнаев уулдарынын радикалдуу исламчыл топторго байланышы жоктугун айтты. Жекшембиде шектүүлөрдүн апасы да балдары күнөөсүз экенин белгилеп, бул окуяны АКШ бийликтери уюштурган деп сыпаттаган.

Кыргызстанда төрөлгөнү айтылган Тамерлан Царнаев полиция менен атышта шаршемби күнү окко учкан. Жохар Царнаев болсо жума күнү атайын операциядан кийин колго түшүрүлүп, оор абалда ооруканага жаткырылган. (KKs)
XS
SM
MD
LG