Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

АКШнын коргоо министри Израилде жүрөт


Кошмо штаттардын коргоо министри Чак Хагел АКШ менен Израил Ирандын өзөктүк программасынан окшош коркунучту көрүп жатканын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн жекшембиде Тель-Авивге келер алдында айтты. Министр Кошмо Штаттар менен Израилдин ортосундагы миллиарддаган долларга тете аскердик келишимди Иран үчүн ”абдан ачык белги” деп сыпаттады. Хагел февраль айында Пентагондун башчылыгына дайындалгандан бери алгач ирет Жакынкы Чыгышка келип жатат. Ал алты күндүк иш сапарында Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмирлигине да бармакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG