Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Парламент комитети Жапонияга визасыз каттам ачууга макул болду


Парламенттеги Эл аралык иштер боюнча комитет бүгүнкү жыйында жапон жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө макулдук берди. Буга чейин аталган өлкө жарандарына визасыз каттам киргизүүнү Тышкы иштер министрлиги сунуштаган эле.

Кыргызстанда 44 мамлекеттин жарандарына 60 күнгө визасыз каттам тартибин киргизүү тууралуу мыйзам былтыр кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү мындай кадамды туризм тармагын өнүктүрүү жана экономикага инвестиция тартуу максаты менен түшүндүргөн. Тышкы иштер министрлиги бул мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөгө келген туристтердин саны өскөнүн билдирген. (EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG