Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Оң рулдуу унаа менен эл ташуунун тыйылышына каршы акция өттү


Бишкекте оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салган мыйзамга каршы нааразылык акция өттү. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, “Кыргыз эл баатырлар” кыймылынын жетекчиси Аманбол Бабакулов оң рулдуу унаа айдагандар жол эрежесин көп бузат, кырсыкка арбын катталат деген пикирлер далилденбегенин, ошонун негизинде мыйзамды кабыл алуу негизсиз болгонун "Азаттыкка" билдирди.

Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында унаа каражаттары тууралуу мыйзам долбоорду көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Анда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салуу каралган. Мыйзам долбоор эми президенттин кароосуна жиберилет.

Документти иштеп чыккан депутаттар мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин айтып чыгышкан. Жол коопсуздугун күзөткөндөр кан жолдордо кырсыкка көпчүлүк учурда оң рулдуу унаалар кабыларын билдиришкен. (EBM/TTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG