Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Москвада Сатыбалдиевдин жумушчу сапары башталат


Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев эки күндүк жумушчу сапар менен Москва шаарына жөнөп кетти. Москвадагы кабарчыбыз Замира Кожобаеванын маалымдашынча, кыргыз өкмөт башчысы бүгүн эки өлкөнүн ишкерлер кеңешинин экинчи биргелешкен жыйынына катышат. Ошондой эле Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугат. Андан сырткары эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына барат. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Эртең болсо орус премьер-министри Дмитрий Медведев баштаган өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин башчылары менен жолугушуу белгиленген. Алдын ала маалымат боюнча, анда “Кыргызгазды” сатуу жана ГЭСтердин курулушуна байланыштуу сөз болмокчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG