Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Баткенде чек ара маселеси боюнча кайрадан эл чогулду


22-апрелде Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен Таян айылынын 100дөй тургуну чек ара маселесине байланыштуу облустук акимчиликтин астына чогулду. Алар акыркы мезгилде өзбек чек арачыларынын Таян айылына жакын келип алышканын, мурда Сай айылы менен байланыштырган жол буулуп, Катаке төмөнкү жайытына мал чыгара албай калышканын айтып чыгышты. Чогулгандарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеӊиш Разаков кабыл алды. Ал талаптарды уккан соң маселе эки тараптуу макулдашууларга ылайык чечилет деди:

- Чек ара маселеси жергиликтүү деңгээлде эле дароо чече койчу маселе эмес. Мындай маселени өкмөттүк атайын комиссия чечиши керек. Силердин маселени жогору жактарга жеткиребиз- деди Жеңиш Разаков.

Таяндыктар болсо жергиликтүү бийликтин жообуна макул эмес. Бирок ушул айдын аягында Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара боюнча паритеттик комиссиясынын отурумунун жыйынтыгын күтмөй болушту. (JsA)

XS
SM
MD
LG