Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасын жабык талкуулап жатат


Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүнкү жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселелерди жабык талкуулап жатат. Жыйынды жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жок өткөрүүнү өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров сунуштады.

Искандаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча делегациялары май айынын акырында Бишкекте жолугушарын, учурда жолугушуунун күн тартиби түзүлүп жатканын “Азаттыкка” маалымдаган.

Эки өлкөнүн делегациясы жыл башындагы Сох-Чарбак жаңжалынан кийин алгач ирет март айында Ташкенде жолуккан. Анда 2013-жылы аткарыла турган иштердин планы түзүлгөн.

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы бир жарым миң чакырымдай чек ара тилкесинин 300 чакырымдайы тактала элек. Чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр качан уланары белгисиз. Учурда тажик делегациясы Москвадагы архивдик документтерди изилдеп жатат. (EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG