Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Сербия өкмөтү Косово менен келишим долбоорун жактырды


Еврошаркеттин ортомчулугу астында даярдалган келишим Сербия менен 2008-жылы анда көз карандысыздыгын жарыялаган Косовонун мамилесин оңдоону көздөйт.

Документке ылайык, Косовонун түндүгүндө калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн сербдер полицияга жана башкаруу иштерине тартылышат.

Мунун ордуна сербдер Косовонун борбордук өкмөтүнүн бийлигин тааныйт.

Келишим долбоорун эки жактын премьер-министрлери өткөн жума күнү Брюсселдеги жолугушууда макулдашкан.

Бул маселе боюнча Сербия парламенти апта соңунда атайын сессия өткөргөн жатат.

Косовонун парламенти болсо келишимди кечээ кечинде көпчүлүк добуш менен жактырды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG