Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Ооганстанда талибдер тик учакты жүргүнчүлөрү менен кошо колго түшүрдү


Эки учкучту кошкондо он жүргүнчүсү бар тик учак Талибандын колуна чыгыштагы Логар провинциясында, конууга аргасыз болгондон кийин өткөн.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тик учактын ичинде алардын сегиз жараны болгонун, Орусиянын Кабулдагы элчилиги болсо учкучтардын кеминде бирөөсү алардын жараны экенин айтып чыгышты.

Талибандын өкүлү Забинулла Мужахид тик учактын жүргүнчүлөрү жана учкучтары алардын колуна түшкөнүн ырастады.

Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жарандык тик учак Логар провинциясында, аба ырайынын начардыгынан улам конууга аргасыз болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG