Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүп жатат


Ага Кыргызстандан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган делегация катышууда. Жыйында Кыргызстан-Орусия кызматташтыгынын укуктук-келишим базасын жаңылоо, отун-энергетика тармагында кызматташуунун алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун быйыл май айынан калтырбай баштоо тууралуу сөз болду. Ошондой эле Орусия менен Кыргызстандын энергетика министрликтерине “Газпром” ишканасы менен чогуу “Кыргызгаз" ишканасын сатуу-сатып алуу келишимине кол коюу жараянын тездетүү тапшырылды. Мындан тышкары эки тараптуу транспорт жана байланыш кызматташтыгынын алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда Транзиттик борбор түзүү тууралуу өткөн жылы жетишилген келишимдин үстүндө иштөөнү улантуу, андан тышкары эл аралык АвиаХАБдарды колдоо маселеси каралмакчы.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын бүгүнкү жыйынынын күн тартибине 25 маселе коюлган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG