Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Пакистан: Утурумдук өкмөт Мушаррафка чыккынчылык боюнча айып тага албайт


Бул тууралуу Пакистандын Башкы прокурору Ирфан Кадирдин дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө айтылат.

Ал эми өлкөнүн Жогорку Сотунун түшүндүрмөсүнө караганда, бул утурумдук өкмөттүн мандатынан тыш маселе болгондуктан, чечим бийликке 11-майдагы парламенттик шайлоодон кийин келүүчү өкмөт тарабынан кабыл алынышы керек.

Бийликти 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу ээлеген генерал Первез Мушарраф Пакистанды 2008-жылга чейин башкарган. Акыркы төрт жылда бозгунда жашап, мекенине өткөн айда кайтып келген эле.

Мушарраф парламенттик шайлоого катышууну көздөгөнү менен жергиликтүү шайлоо комиссиясы анын талапкерлигин каттабай койду.

Азыр үй камагында отурган мурдагы президентке башка бир нече, анын ичинде сотторду кызматтан мыйзамсыз алган, 2007-жылы киши колдуу болгон оппозиция лидери Беназир Бухуттонун коопсуздугун кмсыздай алган эмес деп да айыпталууда. "Мушарраф мамлекетке чыккынчылык кылды" деген доо-арыз менен сотко жергиликтүү юристтер тобу кайрылган. (UE)

XS
SM
MD
LG