Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

АКШда Жохар Царнаевге айып коюлду


Бостондогу жардырууга шектелген Жохар Царнаевге АКШнын федералдык прокурорлору айыпты ооруканада коюшту.

Ал "массалык кыргын салуучу куралды адамдарга жана мүлккө каршы колдонуу менен кутумга барган, мунун арты адам өлүмүнө алып келди" деп айыпталууда.

Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Карнинин билдиргенине караганда, Царнаев террорго каршы согуштун алкагында эмес, АКШнын жараны катары соттолот.

Улуту боюнча чечен Жохар Царнаев бир тууган агасы Тамерлан Царнаев менен Бостондо өткөн дүйшөмбүдөгү марафон учурундагы жардырууну жасаган деп шектелишкен.

Тамерлан Царнаев өткөн жума күнү полиция менен атышууда каза тапкан. Ал эми 19 жаштагы Жохар Царнаев ооруканада. Маалыматтарга караганда, моюнундагы жараатынан сүйлөөгө жөндөмсүз болуп турат.

Бостондо өткөн дүйшөмбүдөгү кош жардыруудан үч адам өлүп, 173 киши жаракат алган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG